Ч. Айтматов атындагы №1 Новопавловка ИОТКЛи Чуй облусунун Сокулук району

PISA

Подготовка к PISA    Материалы  Читательская грамотность  Математическая грамотность   Естественно-научная грамотность

Тесты  Оценивание  Открытые задания PISA  Образцы и описания проверочных работ

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа (Programme for International Student Assessment). PISA окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы – бул жалпы билим берүүнүн сапатын мониторингдик изилдөө, ал «15-жаштагы жалпы билим алган окуучулар, азыркы коомдо толук кандуу жашоого, б.а. адам ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана социалдык мамиленин ар түрдүү сферасынын кеӊири диапазонун чечүү үчүн кандай билим жана билгичтиктер керектелет?» деген суроого жооп берет.  Бул программа Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму аркылуу ишке ашырылат.  Үч жылдык цикл менен өткөрүлгөн бул изилдөө 2000-жылдан бери жүргүзүлөт. Ар бир жылы PISA изилдөөсүн жүргүзгөндө, сабаттуулуктун бир түрүнө: окурмандык, математикалык же табигый илимдер боюнча акцент жасалат. Ошондой эле акыркы жылдары кошумча социалдык багыттагы көндүмдөр, мисалы, маселе чечүү сыяктуу көндүмдөр, компьютердик сабаттуулук, ошондой эле чет тилин билүү билгичтиги да текшерилип жатат. 2025-жылы Кыргызстан PISA изилдөөсүнө катышканы турат Бул иш-чараны утурлай Кыргыз билим берүү академиясында «PISA эл аралык изилдөөсүнө даярданабыз» аттуу мугалимдер үчүн методикалык колдонмо орус жана кыргыз тилдеринде басылып чыккан. Ал мугалимдерди PISA изилдөөсүнүн концепциясы жана тесттердин мисалдары менен тааныштырат.