Жаш педагогдор кенеши
Ч. Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинде жаш педагогдор кенеши түзүлдү . Аталган уюмдун негизги багыттарынын бири болуп жаш адистерге усулдук жардам берүү, тажырыйба алмашуу, илимий изилдөө жана өзүн өнүктүрүү болгондуктан алгачкы семинар-тренинг уюмдун мүчөсү, кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин башчысы, райондук, облустук деңгээлдеги семинар-тренингдерде мыкты сабактарды өтүп жүргөн Арууке Бегимкулова кызыктуу өтүп берди.
Негизги тема — сабакка максат жана күтүлүүчү натыйжа коюу, Пиза стандарттарынын талаптарына ылайык тапшырмаларды түзүү о.э. тапшырмалардын негизги жана предметтик компетенттүүлүк деңгээлин аныктоо багыты боюнча кеңири түшүндүрүп берди. Мугалимдер өз ара топтордо иштөө менен берилген тапшырмаларды туура, так аткарышып, теманы жеткиликтүү өздөштүрө алгандыгын көрсөтө алышты.
Биздин лицейдеги тажрыйбалуу мугалимдер жаш мугалимдерге дайыма өз билимдери менен бөлүшүп, насаатчылык колдоо көрсөтүп келишет.
Комментарии