Сокулук райондагы мектеп директорлорунун семинары
Ч.Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинде Сокулук районундагы мектеп директорлорунун семинары өттү. Лицейдин мугалимдери «Билим берүү процессинде инновациялык технологияларды колдонуу» темасында өткөн семинарда кыргыз тили, орус тили, англис тили, математика, физика, география, химия, информатика, адам жана коом, дене тарбия сабактарынан ачык сабактарын жаңы методдорду колдонуу менен өтүп беришти. Ошондой эле окуучуларды ЖРТга даярдоо боюнча мастер-класс мыкты деңгээлде көрсөтүлдү. Жыйынтыгында, мектеп жетекчилери семинардын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешип, лицейибиздин администрациясына, мугалимдерге ыраазычылыктарын билдиришти.
Комментарии