Окуучуларыбыз Жогорку Кеңеште
Ч. Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинин алдыңкы окуучулары «Жаштар келечеги үчүн» коомдук бирикмесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине саякатка барышты. Окуучулар сессия жүрүп жаткан учурду өз көздөрү менен көрүп, угушту.
Ошондой эле КР Жогорку кеңешинин депутаты Эрулан Кокулов жолугушуп, баарлашышты. Жаштардын келечекке болгон көз караштары дагы да өсүп, кызыктуу маектер болду.
Комментарии