Окуучубуз Президенттик балатыда
Ч.Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинин 6-класстын окуучусу Шейшенбеков Айдар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн жаңы жылдык балатыга чакырылды. Иш чарага республиканын бардык аймактарынан окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү катышкан.
Садыр Жапаров балдарды куттуктап, келе жаткан Жаңы жылда зор ийгиликтерди, көксөгөн тилектери орундалышын, өздөрүнө болгон ишенимди, кызыктуу идеяларды жана жеңиштерди каалады.
Соңунда балдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, Шейшенбеков Айдар мектепте “эң жакшы” деген баага окуган окуучулардын сап башында турат. Ал мектептердин 3-8-окуучулары үчүн эл аралык математикалык олимпиадасына (IMАS-International Mathematics Assesment for Schools) катышып, жогорку балл менен жеңүүчү аталган. Аталган олимпиаданын максаты – мектеп окуучуларынын математиканы окууга болгон кызыгуусун арттыруу, мектеп окуучуларынын, математиктердин жана мугалимдердин ортосундагы байланышты түзүү жана чыңдоо.
Биз мыкты окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз
Комментарии