Биздин окуучулар «Билге» билим таймашынан 1-орунду ээледи
А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын 35 жылдыгына карата Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун жалпы орто билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын арасында «Билге» билим таймашы болуп өттү. Таймашта кыргыз тарыхы, аймак таануу, атуулдар (өлкөбүздүн белгилүү атуулдары) боюнча суроолор камтылган. Суроолор окуучулар үчүн кызыктуу жана өзгөчө ыкмаларда берилди. «Билге» билим таймашына 9-11-класстарынын окуучулары катышып, ар бир мектептен 4 (төрт) окуучудан турган топтор келди.
И.Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук факультетинин студенттеринин «Билге» уюму жана №68 мектеп-гимназиясынын уюштуруусундагы «Билге» билим таймашынын жеңүүчү топтору китептер менен сыйланды. Ал эми интелектуалдык сынакка катышкан ар бир окуучуга сертификаттар, даярдаган мугалимдерине ыраазычылык каттар тапшырылды. Жыйынтыгында Ч. Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинен тарых мугалими Айнура Кадыралиева жетектеп барган «Улутман» тобу 1-орунду багындырды.
Комментарии