«Бабалардын мурасы» аттуу улуттук оюндар сынагы
Ч. Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинин алдындагы «Материнская школа» бала бакчасында «Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата «Бабалардын мурасы» аттуу улуттук оюндар сынагы даярдоо тайпасында өттү. Бул жерде өсүп келе жаткан жаш муундар, ата-бабаларыбыздан келе жаткан түп нускалуу оюндар менен таанышып, терең сүңгүп, ойноп көрүштү. Албетте балдарга мындай пайдалуу оюн-сабактардын тарбиялык мааниси зор.
Белгилей кетсек, бул кызыктуу сабак Пирамида телеканалынын «Балажан» көрсөтүүсүнө да даярдалып чыкты.
Комментарии