Юридикалык жашаган жери боюнча (прописка)
11-апрелден саат 09:00 27-июнга чейин саат 08:59га чейин
Чыныгы жашаган жери боюнча
27-июндан саат 09:00дөн баштап 10-сентябрь саат 10:00гө чейин
Арыз берген ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтери (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жана баланын жеке идентификациялык номери болбосо, баланы мектепке каттоого мүмкүн эмес!
2022-жылдын 11-апрелине чейин ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөрдү даярдашы керек:
- ата-эненин паспорту;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- жеке идентификациялык номер (ЖИН/ПИН – ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын паспортунда көрсөтүлгөн 14 сандан турган идентификациялык номер. Ал жок болгон учурда жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборуна (КТБ/ЦОН) кайрылуу керек.
- Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында каттоо дарегинин болушун текшерүү.
Ата – эне/мыйзамдуу өкүл баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгангандан кийин, учурдагы жылдын 1-августунан баштап 10-сентябрынан кечиктирбестен мектепке окуучунун тастыктоочу документтерин берүүгө милдеттүү:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- ата-эненин, мыйзамдуу өкүлүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү же тиешелүү документтери;
- форма 63, форма 26 түп нускадагы мед справкалары;
- сүрөт 3х4 форматта 4 даана;
- Омс көчүрмөсү;
Программалык деңгээлдеги система жарандардын төмөнкү жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:
- аскер кызматчыларынын балдары;
- бир жылдан кем эмес иштеген мектептердин мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдары;
- кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар;