Ч. Айтматов атындагы №1 Новопавловка ИОТКЛи Чуй облусунун Сокулук району

Мектепке кабыл алуу — 2024

1-класска электрондук каттоо Мектепке өтүнмө берүү

 

2024-2025 – окуу жылына 1-класстын балдарын электрондук каттоонун тартиби жөнүндө маалымат.

Электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.

I этап – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 2024-жылдын 8-апрелинен 2-июнуна чейин,

II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 2024-жылдын 3-июнунан 30-августуна чейин.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттайт.

1-классына киргенде төмөнкү документтерди тапшырат:

  • баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;
  • баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;
  • ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы 1-класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;
  • алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы  (белгиленген формалар);
  • баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.

Электрондук каттоого байланышкан суроолор боюнча чалуу борборуна 110 (callцентр) кайрылуу керек. Чалуу акысыз.Чалуу борбору 2024-жылдын 8-апрелинен баштап 30-августка чейин иш  күндөрү саат 9:00дон 18:00го чейин иштейт.  Түшкү тыныгуу: 12:00-13:00