Каникул убагындагы кызыктуу тренингдер
Балдардын эс алуу мезгилинде мугалимдерибиз кызыктуу тренингдерди уюштурушту.
Ч.Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинде директор Руслан Туйбаевдин жана окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жылдыз Омурзакованын катышуусунда ар бир усулдук бирикмелердин отуруму болуп өттү.
Анда билим берүү стандарттары жана бүгүнкү күндүн темасына айланган «Пиза» программасы боюнча кеңири талкуулар болду.
Ошондой эле усулдук бирикмелердин жетекчилери уюштурган тренингдерге мугалимдер кызыгуу менен катышып, алган маалыматтары менен билимдерин алдыда сабактарында пайдалана алуусуна шарт түзүлдү.
Эң башкысы — 2- чейректи позитивдүү маанай менен баштоого кесиптештердин педагогикалык чыгармачылык дем-күчү даяр!
Комментарии